Былтыр Казакстандын аймагында көзөмөлсүз калган кыргызстандык беш бала мекенине кайтарылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Мындан тышкары, мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылы Алматы шаарындагы Башкы консулдук кыргыз диаспорасынын жана казак мамлекеттик органдарынын көмөгү менен бул өлкөнүн аймагында оор абалда калганы үчүн жардам сурап кайрылган 30 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылган.
Айрымдары документи жок жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө өз алдынча жетүүгө шарты жок болгондуктан аларга тийиштүү жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды.
Кыргызстандын эмгек министрлигинин соңку маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 1,2 миллионго жакын кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 1,06 миллиону Орусияда, 30 миңге чукулу Казакстанда, калгандары башка өлкөлөрдө. (RK)
Дагы караңыз
Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталдыДнепр: Орусиянын соккусу 30дан ашык өмүрдү алдыБекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга камактан башка бөгөт чара колдонууну сунуштады Майлуу-Суу: Токтоп калган үч отказандын бири иштей баштады