Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоо кайрадан көбөйө баштаганын 16-январда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-15-январда тумоологон 8366 бейтап катталды. Бул ага чейинки бир аптадагы көрсөткүчкө салыштырганда 0,7% көп.

Быйылкы эпидемиологиялык сезондо сасык тумоонун А түрү катталууда.

Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада эки бейтап катталганы маалымдалды.

Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан. (RK)

Дагы караңыз

Бекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга камактан башка бөгөт чара колдонууну сунуштады Майлуу-Суу: Токтоп калган үч отказандын бири иштей баштадыДнепр: Орусиянын соккусу 30дан ашык өмүрдү алдыДнепр: Катуу соккунун курмандыктары улам көбөйүүдө