Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 30дан ашканын 16-январда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган.
Жараат алгандардын саны 75 адам, алардын 30у ооруканада жатат, дагы 40 адам дайынсыз болууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.
Дагы караңыз
ИИМ: Уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү милициянын каттоосунда туратДнепр: Катуу соккунун курмандыктары улам көбөйүүдө "Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм". Шинжаңдык казак аял жардам сурады Бишкекте абанын булганышын чагылдырган "Түтүн" көргөзмөсү өтөт