Украинанын Днепр шаарында Орусиянын жапырт ракеталык соккусунан каза тапкандар 21ге жетти, арасында 15 жаштагы кыз бар. Бул тууралуу Днепропетровск облустук кеңешинин төрагасы Николай Лукашук жекшембиде билдирди. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
14-январда Орусиянын ракетасы Днепр шаарындагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, анын бир подъезди толук талкаланган. Урандылардын алдында калгандарды издөө, тазалоо иштери түнү менен уланганын Лукашук маалымдады. Анын айтымында, 73 киши жараат алды, арасында 14 бала бар. Уранды алдында калган 40 киши куткарылды, анын алтоо балдар. Дагы 30дан ашык жаран дайынсыз.
Ишембиде Орусия Украинага жапырт ракеталык чабуул койгон. Ар кандай үлгүдөгү ондогон ракеталар учурулган.
Дагы караңыз
Днепр: Орусиянын соккусу 30дан ашык өмүрдү алдыБастрыкин орус жарандыгын алган борборазиялыктарды согушка жөнөтүүнү сунуштады"Усубалиев Кулматовго байланыштуу саясий ката кетирген"