Украина Соледар орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн четке какты

Украин аскерлери. 11-январда тартылган сүрөт.

Украина Донецк облусундагы Соледар шаары орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалыматты четке какты.

"Жок, бул туура эмес. Шаарда айыгышкан салгылаш уланууда", - деди Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чыгыш тобунун басма сөз катчысы Сергей Череватый. Анын бул айтканын "Азаттыктын" украин кызматы, РБК агенттиги жана башка эл аралык басылмалар жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Соледар шаарын орус күчтөрү ээлегенин 13-январда жарыялаган.

Донецк облусундагы бул калаа үчүн акыркы аптада айыгышкан салгылашуу күчөдү. Согушка чейин шаарда 10 миңдей калк жашачу.

Эксперттердин белгилешинче, Соледардагы жеңиш – Орусия үчүн оболу аскердик, ошондой эле коммерциялык мааниге ээ. Эгер украиндер аны колдон чыгарса, Донбасстагы стратегиялык Бахмут шаарына чабуулду күчөткөнгө ыңгайлуу база болмокчу. Бахмут - бир нече айдан бери орустардын катуу соккусуна каршылык көрсөтүп турат. Бул жер Украинанын чыгышына кетчү стратегиялык багыт болуп саналат.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Бекназаровдун агасынын соту болдуТашкент Кабулда 21 кишини набыт кылган терактты айыптадыЧехияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтүп жатат