УКМК Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, К.у.А. аттуу жаран Украинага көчүп барып, ал өлкөнүн аскердик топторуна кошулуп согушуп жүргөн.

Ал 11-январда башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

УКМК кыргызстандык жарандарга чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Буга чейин Украинадагы согушка орус армиясынын катарында барган эки кыргыз жараны, орус жарандыгын алган бир нече кыргызстандык набыт болуп, алардын сөөгү Кыргызстанда жерге берилген.

Кыргызстан Украина боюнча нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет.(TAb)

Дагы караңыз

Каракалпакстан окуялары: прокурор активистти 18 жылга кесүүнү сурадыНурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамынан ажыратылдыТажикстанда төрөлгөн алты эм чарчап калды13-январда көпчүлүк аймакта жаан-чачын жаабайт