Британиялык гитарист, ардактуу Грэмми сыйлыгынын жети жолку ээси Жефф Бек 10-январда 78 жашында каза болду.
Музыканттын веб-сайтына анын үй-бүлөсүнүн билдирүүсү 11-январда жарыяланды. Анда Бек бактериялык менингит менен ооруп, дүйнөдөн кайтканы айтылат.
Rolling Stone журналы аны "Гитаранын кудайы" деп атаган.
Жефф Бек - британиялык гитарчы-виртуоз. 1944-жылы Лондондо туулган. Бала кезинде чиркөөнүн хорунда ырдаган, өспүрүм кезинде гитара черте баштаган. Бир канча топтордо ойногон музыкант кийин The Jeff Beck Group тобун түзгөн. Алгачкы музыкалык жыйнагын 1968-жылы, акыркысын 2022-жылы чыгарган. Анын альбомдорунун көбү платина макамына ээ болгон.
Дагы караңыз
Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамынан ажыратылдыКаракалпакстан окуялары: прокурор активистти 18 жылга кесүүнү сурадыТажикстанда төрөлгөн алты эм чарчап калды