Тажикстанда төрөлгөн алты эм чарчап калды

Алты эм.

11-январда Тажикстандын Хожент шаарында төрөлгөн алты эм – эки бала жана төрт кыз чарчап калды. Бул тууралуу Согд облустук төрөт үйүнүн дарыгери билдирди.

Медиктер балдардын ара төрөлгөнү – өлүмдүн негизги себеби экенин айтышты.

“Кош бойдуу аял мөөнөтүнөн мурда көз жарган. Балдардын көбү алты айлык болуп төрөлгөн жана 550дөн 700 граммга чейин гана салмакта болушкан”, - деди төрөткананын дарыгерлеринин бири.

Ымыркайлардын энеси, 26 жаштагы Муборак Сохибова ушул тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Үй-бүлөнүн эки баласы бар.

Тажикстанда алты эм төрөлгөн учур биринчи жолу катталды. 2020-жылы Кубодиён районунда 30 жаштагы аял беш эм төрөгөн.

Дагы караңыз

Каракол: Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин боюнча иш сотко өттүНАТОго мүчө айрым өлкөлөр Украинага танк жөнөтөрүн жарыяладыЖаңы салык саясаты: Баалуу металл, банктык сыр, оюн-зоок жайлары