Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренесинин негизинде кармалганын 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кабыл алынган чечимди жокко чыгарарын айтып коркуткан 35 жаштагы шектүү жергиликтүү тургундардын биринен 4 миң доллар талап кылган.
“Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 11-январда талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды”, - деп билдирди УКМК.
Айыпталып жаткан тарап азырынча комментарий же маалымат бере элек.
Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар болгон. (RK)
Дагы караңыз
HRW: Кыргыз бийлиги сын айткандарды жана жарандык коомду чектөөдө Украинада Соледар үчүн салгылаш уланууда Кемпир-Абад иши: Мадумаров сот жана прокуратураны сынга алды (видео)Төрөттөн кийин каза болгон келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө