Кабулда ТИМ имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырды

"Талибан" өкүлү жардыруу болгон жерде.

Ооганстандын борбору Кабулда "Талибан" бийлигинин Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында жардыруу болду. Al Jazeera кабарлагандай, 11-январда жанкечти өзүн жардырганда жети адам өлүп, он киши жараат алды.

"Талибандын" өкүлү Ахмадулла Муттаки террорчу министрликтин имаратына кирүүгө аракет кылганын, бирок коопсуздук кызматкерлери аны токтоткондо өзүн жардырып жибергенин билдирди. Бул күнү Кытайдын делегациясы Тышкы иштер министрлигинин имаратына барышы керек эле.

Былтыр декабрда Кабулда куралчан топ кытайлык ишкерлер турган мейманкананы аткылаганда беш кытай жараны жабыркаган. Андан кийин кытайлык инвесторлор Ооганстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгарын билдирген.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда талибдер бийликти басып алган. Андан бери өлкөдө талибдер касташкан “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдары күчөдү.

Ооганстанда айрыкча аялдардын укугун кескин басмырлаган талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.

"Талибан" кыймылы көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Мадумаров сот жана прокуратураны сынга алды (видео)Таксинин баарын лицензияга өткөрүү сунушу колдоо тапкан жокОтузга чукул эл аралык уюм кыргыз бийлигин "Азаттыкка" коюлган чектөөлөрдү алууга үндөдү