Эл аралык "Жарандык тилектештик платформасынын" мүчөлөрү "Азаттык" радиосу кабылган жагдайды сындап, Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин сактоого үндөштү.
Ар кайсы мамлекеттердеги отузга чукул уюмдун башын бириктирген платформа Кыргызстандын бийлигин "Азаттыктын" сайттарын бөгөттөн чыгарууга, радио берүүлөрүн калыбына келтирүүгө жана банк эсебин ачууга чакырды. Кайрылуу 11-январда Норвегиянын Хельсинки комитетинин сайтына жарыяланды.
Алар "Азаттык" маалыматты калыс тараткан медиа уюм экенин, буга чейинки бийликтердин тушунда да бир нече жолу кысымга кабылганын, 2022-жылдын октябрында бир топ киши көз карандысыз медианы жабуу талабы менен митингге чыккандан кийин сайт бөгөттөлгөнүн белгилешти.
Декабрда Кыргызстанда жүздөн ашуун коомдук ишмер президент Садыр Жапаровго кайрылып, "Азаттыкка" коюлган чектөөлөрдү алууга чакырышканын эске салып, Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын бардыгы өлкөнү авторитардык мамлекеттерден айырмалап турарын билдиришти.
Кайрылууда эл үчүн маанилүү демократиялык өнүгүүдөн баш тартпаш керектиги айтылат.
Кайрылууга кошулган уюмдардын арасында Норвегиянын Хельсинки комитети, SOVA борбору (Орусия), Хельсинки жарандык ассамблеясы – Ванадзор (Армения), Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (Бельгия), Адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча Казакстандын эл аралык бюросу, ZMINA укук коргоо борбору (Украина), ЕККУнун швед тармагы (Швеция), Адам укуктары борбору (Грузия), Сербиядагы Адам укуктары боюнча Хельсинки комитети, Promo LEX (Молдова), Македониянын Хельсинки комитети (Түндүк Македония), Беларустун Хельсинки комитети, Austausch – Европалык жарандык коом үчүн уюму (Германия), Адам укуктары боюнча Түркмөнстан Хельсинки фонду (Болгария), Нидерланд Хельсинки комитети, Crude Accountability (АКШ), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (Польша), Швейцариялык Хельсинки комитети, "Бир дүйнө" (Кыргызстан) жана башкалар бар.
Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” - ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган.
Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон.
Дагы караңыз
Таксинин баарын лицензияга өткөрүү сунушталуудаКыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге виза берилетДепутат Акаев сотто акталгандардын укугу тууралуу маселе көтөрдүСот саясатчы Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды