Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 20-февралга чейин үй камагына чыгарды.
Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады.
Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу былтыр 23-октябрда камакка алынган.
Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү андан кийин эки жолу эки айга узартылган.
2017-жылы Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарган. (BCh)
Дагы караңыз
"Айылдаш эркектер кордоду". Марат издеген адилеттикЭмил Жамгырчиевдин иши кайра тергелмей болдуГрекиянын акыркы падышасы Константин II көз жумду“Кемпир-Абадды коргоо комитети” ички иштер министрине кайрылуу жолдоду