Орусия менен Украинанын акыйкатчылары Татьяна Москалькова жана Дмитрий Любинец Түркияда жолугушту.
Москалькова Украинанын омбудсмени менен эки өлкөнүн жарандарына гуманитардык жардам көрсөтүүнү талкуулаганын Телеграмга жазды. Башка маалымат берген жок.
Любинец бул жолугушуу мурдагы макулдашуулардын алкагында уюштурулганын билдирди. Украинанын акыйкатчысы орусиялыктар менен украиналыктарга укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Любинец конкреттүү демилгелер болгонун белгилеп, бирок анын чоо-жайын ачык айткан жок.
"Биз ар бир украиналыкка жардам берүү үчүн иштөөнү улантабыз", - деди ал Телеграмдагы билдирүүсүндө.
Буга чейин Любинец талкуунун негизги темасы - аскер кызматкерлеринин жана бозгундагы жарандардын маселеси болорун билдирген. Москалькова өткөн жылдын аягында орусиячыл көз карашы үчүн Украинада жоопко тартылгандардын жагдайын талкуулоону каалаганын айткан.
Дагы караңыз
Бурулайдын өлүмүнөн улам иштен кеткен полковник Ош милициясына жетекчи болду Медициналык билим берүү: Сапатты аксаткан ишкердик "Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"Украина: Бучадагы казак боз үйү