Бишкек шаардык соту актер Чыңгыз Мамаевди үй камагына чыгарды

Чыңгыз Мамаев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту 10-январда актер Чыңгыз Мамаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынганын билдирген.

Мамаев быйыл апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын актердун жубайы билдирген. (TAb)

Дагы караңыз

Депутат эмгек мигранттарын АКШга жиберүүнү сунуштадыКыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулдуККМдин жаңы моделине өтүү мөөнөтү эки айга жылдырылдыБишкекке жаңы 20 автобус келди