Бурулайдын өлүмүнөн улам иштен кеткен полковник Ош милициясына жетекчи болду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалды.

Буйрукка ички иштер министри Уланбек Ниязбеков кол койгонун ИИМдин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Марлис Асанов Ошко чейин Талас облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.

Анын аты коомчулукка ала качууга кабылып, каза тапкан Бурулай Турдаалы кызынын окуясынан кийин белгилүү болгон.

2018-жылы он тогуз жаштагы Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычакталган. Кызды ала качууга аракет кылып, андан кийин ага ички иштер бөлүмүнүн ичинде кол салган Марс Бөдөшов жыйырма жылга эркинен ажыратылган.

Бул кылмыш ишине милиция кызматкерлерине шалаакылык боюнча сын айтылып, Марлис Асанов Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматынан четтетилген. Андан башка Жайыл райондук үч милиция кызматкери күнөөлүү деп табылып, ар бирине 260 миң сомдон айып пул салынган.

2021-жылы Марлис Асанов Талас облустук милициясынын жетекчилигине дайындалган, ага чейин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери болуп иштеп келгени ачыкка чыккан.

Милициянын шалаакылыгына байланышкан маселе 2021-жылы 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, киши колдуу болгондон кийин да көтөрүлгөн.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш деп таанылганына быйыл он жыл болду. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар 7-10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Өлкөдө ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

Кыргызстан 2021-жылы Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (BCh)

Дагы караңыз

Депутат эмгек мигранттарын АКШга жиберүүнү сунуштадыЖаңы салык саясаты: Баалуу металл, банктык сыр, оюн-зоок жайларыКыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулдуККМдин жаңы моделине өтүү мөөнөтү эки айга жылдырылды