Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү тазаланды

Төө-Ашуу.

Бишкек-Ош жолундагы 132-чакырымда жайгашкан Төө-Ашууга 10-январда саат 22:45те түшкөн кар көчкү тазаланды.

Ашууга 4 миң метр куб өлчөмүндөгү көчкү түшүп, жол толугу менен жабылып калган.

Бир автоунааны көчкү басып калган, жолчулар андагы жүргүнчүлөрдү аман-эсен алып чыгышты.

Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады.

Кар көчкү 11-январдын таңына чейин толук тазаланып, жол кыймылы калыбына келди.

10-январда кечки саат 16:20дан кийин Сосновка автожолуна аба ырайынын бузулушунан улам жүк ташуучу машинелердин өтүшүнө чектөө кирген.

9-январдан бери Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болгондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, айдоочуларды алыс жолго чыкпай турууга чакырууда. (BCh)

Дагы караңыз

Бишкектеги акцияда милиция "Политклиниканын"кабарчысын кармап, кайра бошоттуЕвропа Биримдиги жана НАТО жетекчилиги Брюсселде жолугуштуСот төкмө акын Болот Назаровду 16-мартка чейин камакта калтырдыАрзан көмүр элге паспорт менен сатылат