"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы мындан ары арзан көмүр элге паспорт менен сатыларын кабарлады.
Аталган мекемеден бир тоннасы төрт миң сомдук көмүр алгысы келген жарандардын колунда паспорту жана жашаган дареги тууралуу маалымкат болушу керек.
Бир кишиге эки тоннадан ашык сатылбайт.
"Көмүр жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына сатылбайт. Себеби, алар арзан сатып алып, элге беш миң сомдон кайра сатып жатат", - деп билдирди аталган ишкана.
“Кыргыз көмүр” ишканасы 2022-жылдын 1-ноябрдан тартып өлкөнүн аймактарында, андан сырткары Бишкекте арзан баада көмүр саткан беш кампа уюштурган.
Кара-Кечеде казылган көмүрдүн тоннасы 1450 сом деп эсептелсе, Бишкекке ташып келген чыгымы менен 4 миң сомго барууда. Арзандатылган баадагы көмүр колу жука бүлөлөргө сатылып жатат. Азыр бул отундун бир тоннасынын базар баасы 5 миң сомдон жогору. (BCh)
Дагы караңыз
Прокурор: Сайфулла Саипов АКШда көбүрөөк адамды өлтүрүүнү көздөгөн Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн атайын жайлар даярдалдыКечки Азаттык (2-чыгарылыш)Перудагы акцияларда бир күндө 17 адам каза болду