Милициянын Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечиминин мөөнөтү 31-мартка чейин узартылышын райондук сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу бүгүн 10-январда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын тегерегинде, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде жана Таттыбүбү Турсунбаева атындагы бакчада өткөрүүгө уруксат жок.
Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.
Ала-Тоо аянтында мамлекеттик же муниципалдык иш-чаралар гана өткөрүлө алат.
Айрым жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин белгилеп келишет. (RK)
Дагы караңыз
"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым""Кылым шамы" Бишкекте кармалгандар боюнча Башкы прокурорго кайрылды Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайтКемпир-Абад иши: тергөөгө сын, абактан кат