Укук коргоочулар Жогорку сотту Камил Рузиевди актоого үндөштү

Камил Рузиев. Архивдик сүрөт.

Адам укуктарын коргоо боюнча бир катар уюмдардын башын бириктирген “Теңчилик үчүн коалиция” уюму Кыргызстандын Жогорку сотуна кайрылып, укук коргоочу Камил Рузиевди актоого чакырды.

Уюмдун бүгүн 10-январда жарыяланган кайрылуусунда Рузиевге коюлган айып негизсиз экени белгиленип, аны актоого эл аралык уюмдар да үндөп жатышканы айтылды.

Рузиевдин ишин Жогорку сот бүгүн карап жатат.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу 2020-жылы 30-майда "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.

Каракол шаардык соту 2022-жылдын 12-августунда Рузиевди "ишинде кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

Шаар сотунун мындай чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган. Облустук сот "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен айыптап, ага 80 миң сом айып салган.

Рузиевдин адвокаты Ысык-Көл облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган. (RK)

Дагы караңыз

"Таштандыны иргөөнү үйрөнсөк". Желимди кайра иштеткен АмирбекОшто журналист Жыпар Акунова менен коштошуу зыйнаты өтүүдөЧеченстанда бир айылдын 20дай тургунун тартип сакчылары "уурдап кеткени" айтылуудаЧехиянын соту мурдагы премьер-министр Андрей Бабишти актады