Ош шаарында бүгүн 10-январда журналист, акын Жыпар Акунованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Акунова 9-январда 63 жашында көз жумган.
Журналистика тармагында бир канча жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келген ишмер 1959-жылы Нарын облусунун 8-март айылында туулган.
Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп баштап, бир катар облустук жана республикалык басылмаларда эмгектенген.
Ошто облус жана шаар башкармалыктарында басма сөз катчысы, “Кыргыз Туусу” гезитинин аймактык кабарчысы болуп иштеген. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Ош облусундагы өкүлү катары медиа тармагындагы бир нече эл аралык долбоорду ишке ашырууга зор салым кошкон.
Акунова Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча ырлар жыйнагынын автору болгон. (AAb)
Дагы караңыз
Чеченстанда бир айылдын 20дай тургунун тартип сакчылары "уурдап кеткени" айтылуудаЧехиянын соту мурдагы премьер-министр Андрей Бабишти актады Тажикстанда камалган журналисттин жактоочусу аны коргоодон баш тарттыКыргызстанда катуу суук болот: мектепте каникул узартылды