Казакстанда аба ырайы кескин начарлап кеткенине байланыштуу автожолдордо 61 тилке жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алардын 26сы республикалык маанидеги жолдор.
Министрлик өткөн суткада жолдо калган 37 киши, анын ичинде тогуз бала куткарылганын 9-январда билдирди.
Жыл башында Казакстанда автоунаа жолдорунун 109 тилкеси, анын ичинде республикалык маанидеги 41 тилке аба ырайынын начардыгынан улам жабылган. Былтыр Жамбыл облусунун Жанатас шаарында катуу бороонго байланыштуу табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган эле. Ызгаарда бул райондо электр мамылары кулап, ток өткөргөн линиялар үзүлгөн.
Ушул күндөрү Кыргызстанда жана Өзбекстанда да ызгаар суук болорун синоптиктер эскертип жатышат.
Дагы караңыз
Түркияда тажик жана өзбек жарандары террорчулукка шектелип кармалдыFamily Village курулуш компаниясынын директору 20-февралга чейин камалды"Таштандыны иргөөнү үйрөнсөк". Желимди кайра иштеткен АмирбекУкраина Бахмут менен Соледарга кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө