Бишкектин Биринчи май райондук сотууурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жабырлануучу тараптын адвокатынын арызын 9-январда карады.
Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Биринчи май райондук сотунун судьясы Турат Бекенов Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милициянын шалаакылыгы боюнча кылмыш ишин тергеген УКМКнын тергөөчүсүнө карата биздин арызыбызды жарым-жартылай канааттандырды. Судья тергөөчү эч кандай иш жүргүзбөй жатканын айтып, аны ишти активдүү иликтөөгө чакырды. Тергөөчү тергөө жүрүп жатканын, биз менен кызматташууга даяр экенин айтты", - деп жазды Токтакунов.
2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмү боюнча иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.
Окуянын видео далили бар экенине жана күбөлөрдүн кайрылууларына карабастан кыз акыры жардамга жете албай, өлүмгө дуушар болгону үчүн милиция кызматкерлерине карата 8-апрелде “Шалаакылык” деген берене менен иш козголгон. (BCh)
Дагы караңыз
Аба ырайы: Кар калың жаайт "Таштандыны иргөөнү үйрөнсөк". Желимди кайра иштеткен АмирбекУкраина Бахмут менен Соледарга кошумча күчтөрдү жөнөтүүдөБразилиядагы тополоңдо 200дөй адам кармалды