Жалал-Абадда эки жашар наристе түтүнгө ууланып чарчап калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калганын 9-январда “Азаттыкка” облустук милициядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 7-январдын кечинде болгон. 29 жаштагы келин төрт жашар уулун жана эки жашар кызын уктатып коюп, оокат кылганы сыртка чыгып кеткен. Болжол менен үч сааттан кийин кайра барганда электр жылыткычтын зымы эрип, үйдү түтүн каптаганын көргөн.

Кыз чарчап калганы, ал эми бала оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды.

Кырсык Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнүн электрондук журналына "Уулануу" деп катталып, териштирүү жүрүүдө. (TB)

Дагы караңыз

Саламаттык сактоо министрлиги кышкы каникулду узартууну сунуштадыКытай "Эркечтам" аркылуу жарандардын өтүшүнө үч жылдан кийин уруксат бердиМитингге чыккан соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө Өзбекстан: Жөтөлдүн дарысынан кийин дагы бир бала чарчап калганы аныкталды