Киев Путиндин чечимине карабай аткылоо улантылганын билдирди

Бахмут.

Украин бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Рождество майрамына карата бир тараптуу ок чыгарууну токтотуу чечимине карабай 7-январда орус армиясы тараптан аткылоо болгонун билдирди.

Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленконун айтымында, орус армиясы өткөн суткада бир катар калктуу аймактарды аткылады. Курахово шаарын аткылоодо эки көп кабаттуу үй жана оорукананын имараты жабыркап, бир адам жараат алган.

Бахмут жана Красная Гора шаарчасыеа урулган соккуда эки жайкын тургун набыт кетип, беш киши жарадар болгонун Кириленкого таянып "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Анда беш турак үй зыян тартканы да айтылат.

Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай дагы орусиялык аскерлер ок чыгарууну токтотпогонун билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга православдардын Рождество майрамында, тагыраагы 6-январда күндүзгү саат 12ден 7-январдын түн жарымына чейин Украинада ок атпоого буйрук берген. Анда ок атышууну токтотуу патриарх Кириллдин сунушу менен жарыяланганы айтылып, Москва Киевди ок атпоого чакырган.

Киев Путиндин буйругуна расмий жооп берген жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-декабрда Рождество майрамынын алдында Орусия Украинадан аскерлерин чыгарып кетсе туура болорун айтып, "бул кадам өлкөнүн агрессиядан баш тартууга даяр экенин көрсөтөт" деп билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы орусиялык аскерлер Украинадан чыгарылбайт деген жооп кайтарган. (TAb)

Дагы караңыз

Президент Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы уюмдарына кайрылды"Камбар-Ата-1" ГЭСин үч өлкө түзгөн ишкана башкаратМилиция "ЗиЛде" илинген туу боюнча териштирүү баштады8-декабрда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт