Орус тренери менен сүрөткө түшкөн эстониялык футболчулар кечирим сурашты

Валерий Карпин.

Орусиянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин менен сүрөткө түшкөн эстониялык футболчулар кечирим сурашты.

Оюнчулар Константин Васильев, Сергей Зенев жана башкы машыктыруучунун жардамчысы Андрес Опердин билдирүүсүн Эстониянын футбол бирикмеси жарыялады.

"Социалдык түйүнгө жарыяланган сүрөт кимдин көңүлүн ооруткан болсо, кечирим сурайбыз. Биздин маегибиз футбол тууралуу гана болду, саясат же согуш жөнүндө сүйлөшкөн жокпуз", - деген футболчулар согушту жактабай турганын белгилешкен.

Postimees басылмасы жазгандай, алардын Карпин менен кечки тамак учурунда чогуу сыра ичип отурганы тартылган сүрөт талкууга түшүп, кызуу талаш жаралган. Сүрөт 31-декабрда эстониялык мурдагы футболчу Андрей Степановдун Instagram баракчасына жарыяланган.

Андан кийин эстониялык футбол күйөрмандарынын ассоциациясы MTU Jalgpallihaigla футболчуларын айыптап, социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында талкуу күчөгөн.

Карпин Эстонияда туулган жана карьерасын ошол жерден баштаган.

Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй орус командасы эл аралык мелдештерге катышуудан четтетилген. Бирок бир нече жолдоштук беттештерди өткөргөн. Азыр УЕФАнын Европа футбол ассоциациясынан Азияга өтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.

Дагы караңыз

Amazon 18 миңден ашуун кызматкерин кыскартатИрандын дрондорун башкарган орус аскерлеринин ысымы белгилүү болдуОоганстанда тумоонун оор түрүнө кабылган балдар көбөйдү