Кыргызстанда 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +4…+9;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +3…+8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-18, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15.
Бишкекте кар жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+7 градус болот.
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 5-январда жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.
Дагы караңыз
Дайырбек Орунбеков "Мега" компаниясынын кызматын колдонууга чакырды Кемпир-Абад иши: Жээнбеков камоолор мыйзамсыз болгонун билдирдиӨкүлдөр палатасынын спикери алты аракеттен кийин дагы шайланбай калды Франция Украинага дөңгөлөктүү танк, чопкутталган жол тандабастарды берет Январь окуялары: кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон Сурамжылоо: Жаштардын 89% чет өлкөдө иштеп же билим алууну каалайт