Ирандын дрондорун башкарган орус аскерлеринин ысымы белгилүү болду

Киевдин үстүнөн учуп бараткан Shahed дрону

Украиналык басылмалар Ирандын Shahed жанкечти-дрондорун башкарган орус аскерлеринин аты-жөнүн аныктады. Орус армиясы бул учкучсуз учактарды Украинанын аскерий жана инфраструктуралык объектилерине чабуул жасоо үчүн колдонот.

“Слідства.Інфо” жана “Нашi грошi.Львiв” басылмаларынын иликтөөсү көрсөткөндөй, Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Мамлекеттик учкучсуз авиация борборунун аскерлери 2022-жылдын жайында Ирандын Кашан шаарында "армия мелдештерине" катышуу деген шылтоо менен Shahed дрондорун башкарууну үйрөнүшкөн.

Тагыраагы, Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн капитаны Андрей Степовой, лейтенант Евгений Глухов жана аскер кызматкерлери Сергей Созинов менен Глеб Пивкин Орусияга кайтып келгенден кийин учкучсуз учактын операторлорун даярдоо менен алектенишкен.

Журналисттер көңүл бурган жагдай - 2022-жылдын августунда Кашанда өткөрүлгөн "армия мелдештери" Ирандан Орусияга дрондордун биринчи партиясын жеткирген учурга туш келген.

Украин бийликтеринин жана бир катар чет мамлекеттердин чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча, Иран Орусияга дайыма учкучсуз учактарды жеткирип турат. Москва менен Тегеран муну четке кагууда.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Жээнбеков камоолор мыйзамсыз болгонун билдирдиКараколдо эл аралык туристтик жарманке ачылды Өкүлдөр палатасынын спикери алты аракеттен кийин дагы шайланбай калды