Келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөй турганын 5-январда “Азаттык” радиосуна Гидрометеорология борборунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 8-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот.

Бүгүн 5-январда Чүйдө жана Бишкекте күн жылып, абанын температурасы +10 градустун тегерегинде болууда. (RK)

Дагы караңыз

Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түштү Январь окуялары: кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон Сурамжылоо: Жаштардын 89% чет өлкөдө иштеп же билим алууну каалайтРузахуновдун ишине байланыштуу материалдар Казакстанга жөнөтүлдү