Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түштү

Тоолуу жолдогу көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 75-чакырымына түшкөнүн кабарлады. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткү пайда болгондуктан бул жол убактылуу жабылганын билдирди.

"Аталган жолдун 47 жана 107-чакырымдарында атайын бекеттер уюштурулган. Бүгүн тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника тартылды. Кошумча маалымат берилет",- деп билдирди аталган министрлик.

Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 4-5-январь күндөрү жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүндүгү айтылган.

Адистер тоолуу аймактарда, кан жолдордо машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керектигин эскертип жатат.

Дагы караңыз

Январь окуялары: кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон Рузахуновдун ишине байланыштуу материалдар Казакстанга жөнөтүлдү Январь окуялары: башкы прокурор Токаев буйрук бергенге чейин ок атылганын айтты Өзбекстанда дагы сегиз бала "Док-1 Макс" дарысынан зыян тартты Франция Украинага дөңгөлөктүү танк, чопкутталган жол тандабастарды берет