Москвада 6-январдан тартып беш күн катуу суук болот

Москва.

Москвада 6-январдан 10-январга чейин катуу суук болуп, абанын температурасы -29° чейин төмөндөйт. Гидрометборбор муну XXI кылымдагы эң суук беш күндүк мезгил катары божомолдоп жатат.

Күндүзгү температура -20° деңгээлинде сакталат. Бул Орусиянын баш калаасындагы климаттык нормадан 15 градуска төмөн.

Адистер катуу аязда үйдө болууну, сыртка чыгарда жакшылап тамактанып, жылуу кийинүүнү сунушташат.

Декабрдын аягында АКШда ызгаардан кеминде 65, Жапонияда бери дегенде 17 адам каза болду. Ондогон адам үшүккө алдырды.

Ошол эле учурда Европада адаттан тыш жылуулук башталды. Январдын алгачкы күндөрүндөгү температура орточо 10-15° болуп жатат. Кээ бир лыжа базаларында дагы эле кар жок.

Адистер аба ырайындагы бул көрүнүштү климаттын антропогендик өзгөрүшү менен байланыштырат.

Дагы караңыз

Инклюзивдик бакчада майып бала сабалган окуя иликтенет Орусия Макеевкадагы чабуулда 89 жоокери мерт болгонун билдирдиКадамжай: түтүнгө ууланган алты адамдын өлүмү иликтенип жататТөө-Ашууга жана Ала-Белге бийиктиги төрт метрлик тосмолор курулат