Путин "атайын операция" жөнүндөгү тасмаларды көрсөтүүнү тапшырды

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин кинотеатрларда Москва "атайын аскердик операция" деп атаган Украинага каршы согушу тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүүнү милдеттендирди. Буга байланыштуу Маданият министрлигине берген тапшырмасы Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, аталган министрлик 1-февралга чейин кинотеатрларды "атайын аскердик операция, неонацисттик жана неофашисттик идеологиянын жайылышына каршы күрөш" тууралуу тасмалар менен камсыздоо жана патриоттук даректүү тасмалардын фестивалын уюштуруу тууралуу сунушун бериши керек.

Мунун алдында Маданият министрлиги 2023-жылы мамлекеттен каржыланчу кинотасмалардын 17 темадан турган тизмесин жарыялаган. Анда "тарыхты бурмалоо аракеттерине каршы туруу", "туруктуу жана коопсуз өлкө", "нацизм жана фашизм идеологияларынын пайда болушуна каршы күрөш", ошондой эле, "атайын операция маалындагы орус аскерлеринин каармандыгы", "орус куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөнү даңктоо" өңдүү темалар болгон.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, аннексияланганын жарыялаганы менен дүйнө аны тааныган эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Валерий Залужный 3-январда басып алынган аймактардын 40% бошотулганын билдирген. Ошондой эле согуш башталгандан бери 100 миңден ашуун орус аскери набыт болгонун кошумчалаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда Украинадагы согушта 6 миңдей жоокер курман болгонун расмий тастыктаган. Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери ачык булактарга таянып, согушта 10 миңден ашуун орус жоокери набыт болгонун аныктаган.

Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, расмий Киев былтыр согуш жүрүп жаткан аймактардан 600 миң адамды эвакуациялаган.

Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.

Дагы караңыз

Бишкекте жолдорго 200 тоннадан ашык туз себилди Инклюзивдик бакчада майып бала сабалган окуя иликтенет Өзбекстанда Мирзиёевдин Жаңы жылдык куттуктоосу сынга кабылдыПакистандагы соода жайларында кечинде иштөөгө тыюу салынды Жапон өкмөтү Токиодон кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарына акча төлөйтТүркмөнстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кытайга баратИранда Франциянын жана Белгиянын жарандары кармалды