Түркмөнстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Кытай менен Түркмөнстандын байрактары. Коллаж.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ушул аптада Кытайга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барат.

Расмий Бээжин 3-январда билдиргендей, Бердымухамедовдун 5-6-январга пландалган сапары Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен уюштурулууда. Мындан башка маалымат берилген жок. Ашхабад да бул жаатта эч кандай кабар тарата элек.

2022-жылы февралда Түркмөнстандын мурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердsмухамедов “жаштарга жол ачуу” ниетинде экенин билдиргенден кийин, жазында анын уулу Сердар мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Жайында Сердар Бердымухамедов расмий сапар менен Орусияга, Иранга барган. Күзүндө Казакстага мамлекеттик сапар жасаган. Иш сапар менен Өзбекстанга жана Кыргызстанга келип кеткен.

Дагы караңыз

Маданият министрлиги филармониянын жетекчиси алмашпаганын билдирдиАкылбек Жапаров 2022-жылдагы үч маанилүү окуяны атадыЖапон өкмөтү Токиодон кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарына акча төлөйтӨзбекстан Ооганстанга электр берүү келишимин узартты