Төө-Ашууда кар көчкү жүрдү

Кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. 3-январь, 2023.

3-январда саат 13:45те Бишкек-Ош жолунун 123-124-чакырымына (Төө-Ашуунун Бишкектен бара жаткан жагы) кар көчкү түшүп, жолду жаап калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирип, адистер карды тазалап, жолдун бир тилкесин ачканын маалымдады.

Министрлик Төө-Ашуунун түндүк тарабында кар күрткүсү байкалганын эскертти. Буга байланыштуу Сосновка өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Төө-Ашууда унаа тыгыны пайда болгонун жазган.

Кыргызгидромет борбору 3-5-январь күндөрү аба ырайы туруксуз болорун, айрым жерлерде кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Жолдо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскерткен. (TAb)

Дагы караңыз

Кашмирдеги чабуулда бери дегенде беш киши каза болдуИсламабад жоочулардын башка өлкөдө баш калкалоосуна жол берилбесин билдирди4-январдын аба ырайыКармалган дарыгерлер үчүн каражат чогултула башталды