Маданият министрлиги филармониянын жетекчиси алмашпаганын билдирди

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жетекчилигинин алмашканы тууралуу маалыматты четке какты.

Бул тууралуу министрлик Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев улуттук филармониянын жетекчилигине дайындаларын жазып чыгышкан.

Министрлик коомчулукту такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Азамат Болгонбаев учурда Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору.

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияны Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыргызбай Осмонов 2013-жылдан бери жетектеп келет. (TAb)

Дагы караңыз

4-январдын аба ырайыКармалган дарыгерлер үчүн каражат чогултула башталдыЕвробиримдик Кытайга COVID-19га каршы акысыз вакцина сунуштадыИсламабад жоочулардын башка өлкөдө баш калкалоосуна жол берилбесин билдирди