Шашылыш билдирүү
Жаан-чачынга байланыштуу 5-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку автожолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя автожолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка–Акташ автожолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо бараткан машиналар ортодогу 500 метр аралык талабын так сакташы зарыл.
Аба ырайы
4-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана түшкө чейин кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Түштөн кийин Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -11...-16.
Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин маал-маалы менен кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 2…4° болот.
Дагы караңыз
Кармалган дарыгерлер үчүн каражат чогултула башталдыЕвробиримдик Кытайга COVID-19га каршы акысыз вакцина сунуштадыИсламабад жоочулардын башка өлкөдө баш калкалоосуна жол берилбесин билдирдиКочкор милициясына жаңы жетекчи дайындалды