Гемодиализ алгандарга өкмөттөн бөлүнүүчү жардамдын суммасы өзгөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда гемодиализ алган бейтаптарга мамлекеттен бөлүнүүчү каражат быйыл дээрлик эки миң сомго көбөйдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановдун айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет гемодиализ алган 2203 бейтапка жардам берүүдө, алардын ар бир процедурасын өкмөт толук каржылайт.

“Буга чейин ар бир процедурасына 4,7 миң сом бөлүнчү, жаңы жылдан баштап 6,5 миң сомдон болот. Буга жалпысынан 430 миллион сом каралууда”.

Муканов билдиргендей, гемодиализ процедурасы жасалуучу 33 менчик клиника менен келишим түзүлгөн, мындан тышкары үч мамлекеттик борбордо (Таласта, Ысык-Көлдө жана Нарында) да бар.

Гемодиализ – бөйрөгү жакшы иштебей жаткандардын канын “жасалма бөйрөк” ыкмасы менен тазалоо. (RK)

Дагы караңыз

"Батышка Борбор Азиянын адабиятын таанытабыз"Жаңырган жылда жанган отторЖумагазы Садыр уулу: “Ашар” кыймылы элди ойготкон Кыргызстан экономикасынын 72% көмүскөдө экени айтылды