Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин өкмөтү Исламабадды "эки тараптуу мамилеге коркунуч келтирүүдө" деп айыптады. Мындай билдирүү Пакистандын ички иштер министри Рана Санаулла талибдерди согушчан "Техрик-и-Талибан" тобуна каршы "жетиштүү чара көрбөй жатат" деп айткандан кийин жасалды.
Пакистан "Техрик-и-Талибанды" террордук деп эсептейт. Маалымат каражаттары Санауллага таянуу менен Исламабад Ооганстандын ичиндеги бул топко каршы бир тараптуу чара көрүүгө аргасыз болушу мүмкүндүгүн жазууда.
Талибандын Коргоо министрлиги 1-январда кайрылуу жасап, "Техрик-и-Талибандын" турумдары Ооганстанда эмес, Пакистандын ичинде экенин билдирди.
"Пакистандык аткаминерлердин мындай дооматтары мамилеге доо кетирет. Бардык маселелени "түшүнүү жолу менен чечсе болот", - деп айтылат талибдердин билдирүүсүндө.
Пакистан өкмөтү аталган топ 2021-жылдын августунан 2022-жылдын августуна чейин өлкөдө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кеминде 250 чабуул жасаганын айтат.
"Техрик-и-Талибан" Исламабад тынчтык келишимин бузууда деп Пакистандын өкмөтүн күнөөлөйт.
Дагы караңыз
Эр-Рияддагы фестивалга 40 миңден ашык төө алып келиндиNASA Кытай Айды ээлөөгө аракет кылышы мүмкүн деп кооптонуудаАк үй: Түндүк Корея "Вагнер" тобуна ракеталык курал-жарак жөнөттүМилиция Бишкекте кармалган дарыгерлер тууралуу маалымат берди