Эр-Рияддагы фестивалга 40 миңден ашык төө алып келинди

Эр-Риядда падыша Абдулазиз атындагы салттуу Төө фестивалы уланууда. Сауд Арабияда көп жылдардан бери уюштурулуп келаткан ири фестивалга быйыл 3000 адам 40 миңден ашык төөлөрдү алып келгенин "Ал-Арабия" телеканалы кабарлады.

Сауд Арабия падышалыгы колдогон фестиваль - өлкөнүн маданий, экономикалык, спорттук жана оюн-зоок иш-чарасы болуп саналат. Төөлөрдүн катышуусунда 70тен ашуун мелдештердин жалпы байге фонду 66 миллион доллардай. 29-ноябрда башталган фестиваль 45 күнгө уланат. Анын алкагындагы аукциондо миллиондогон риалга бааланган төөлөр сатылат.

Фестивалдын расмий өкүлү Мухаммад ал-Харби билдиргендей, быйыл иш-чараны көргөнү келгендердин саны миллиондон ашты.

Дагы караңыз

NASA Кытай Айды ээлөөгө аракет кылышы мүмкүн деп кооптонуудаАк үй: Түндүк Корея "Вагнер" тобуна ракеталык курал-жарак жөнөттүМилиция Бишкекте кармалган дарыгерлер тууралуу маалымат берди