"Вагнердин" машыгуу лагеринен качкандарга издөө жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ички иштер министрлиги “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын Украинадан аннексияланган Луганск облусундагы машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма жоокерине издөө жарыялады. Алар буга чейин Орусиянын абактарында жаза өтөгөндөр экени маалым болду.

Donday басылмасы жазгандай, алар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны болгон. Басылма соттолгондор 21-22-декабрда качканын жазып, алардын аты-жөнүн тактаган эмес. Качкандар куралчан экени кабарланды.

Украинада Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду азгыруу иштерин бул компаниянын негиздөөчү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

“Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. Вагнерчилер бир катар аскердик кылмыштарга шек саналып жүрөт.

Кыргызстан Украинадагы согушта нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет. Ал согушка катышкан жарандарга мыйзамда катаал жазалар каралганын бир нече жолу эскерткен.

Дагы караңыз

Хорватия Шенген аймагына кошулуп, еврону колдоно баштадыКабулдун аскердик аэропортунун жанында жардыруу болдуАба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайтЖаңы жыл түнү орус армиясы Киевге дрондор менен сокку урду