1-январда Ооганстандын борбору Кабулдун аскердик аба майданынын сыртында жардыруу болду. Андан мерт болгондор жана жаракат алгандар бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таков билдирди.
Ал курмандыктардын санын жана жардыруунун артында ким турушу мүмкүндүгүн тактаган жок. Иликтөө жүрүп жатканын гана белгиледи.
Соңку мезгилде Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобунун кандуу чабуулдары күчөдү. Бул топ бир нече жуманын ичинде Кабулдагы бир катар негизги жайларды бутага алды.
"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын август айында Кабулду ээлеп, узак жылдан кийин кайра бийликке келген. Анда талиб жетекчилери "Ооганстан террорчулардын чордонуна айланбайт" деп убада беришкен.
Дагы караңыз
Хорватия Шенген аймагына кошулуп, еврону колдоно баштадыЖаңы жыл түнү орус армиясы Киевге дрондор менен сокку урдуСултанбаев президенттин куттуктоосу жөнүндө билдирүү тараттыЖетигенов Ош мэриясында кландык башкаруу бар экенин айттыБаткендеги айылдардын аталышын өзгөрткөн мыйзам күчүнө кирди