1-январдан тарта Хорватия Шенген аймагына кошулуп, улуттук валютасы кунанын ордуна Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы болгон еврону колдоно баштады.
10 жыл мурда Европа Биримдигине мүчө болгон Хорватия еврону колдонууга өткөн уюмдун 20-мүчөсү болуп калды. Планга ылайык, Хорватия 14-январга чейин еврого толук өтүшү керек. Ага чейин хорваттар кунаны да колдоно алышат.
Жекшембиде Хорватиядагы банкоматтардын жарымынан көбү өчүрүлдү. Эми аларга жаңы банкноттор жүктөлөт.
Жарандардын эркин каттамына мүмкүнчүлүк берген Шенген зонасына кошулганы үчүн Хорватиянын чек арасында паспортторду текшерүү токтоду. Бирок учак менен каттагандар өзгөрүүнү 26-мартта гана байкай алышат.
Еврого өтүү расмий Загребге акча алмаштыруу курсун турукташтыруу жана инфляцияны төмөндөтүү сыяктуу бир катар экономикалык шарттарды аткаруу талабы коюлган болчу. Хорватиянын Шенген аймагына кошулушу өлкөнүн ички дүң жыйымынын 20 пайызын түзгөн туризм тармагынын дагы өнүгүшүнө жол ачат деп күтүлүүдө.
Дагы караңыз
Жаңы жыл түнү орус армиясы Киевге дрондор менен сокку урдуСултанбаев президенттин куттуктоосу жөнүндө билдирүү тараттыЖаңы жыл түнү өлкө боюнча 298 ымыркай төрөлдү "Азаттыктын" соцмедиада топ жарган миллиондору