Путин Си Цзинпинди Москвага келип кетүүгө чакырды

Путин менен Си Цзинпин. Самарканд, 16-сентябрь, 2022-жыл

Орусия президенти Владимир Путин кытай лидери Си Цзинпин менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Путин тараптардын аскердик кызматташуусун талкуулоо үчүн жазында Си Цзинпинди Москвага келип кетүүгө чакырды.

Орус президенти экономикалык жана саясий изоляцияга алган Батыш өлкөлөрүн сындап, Бээжин менен алакаларды бекемдөө ниетин айткан.

Кытай лидери сүйлөшүү учурунда Москвага барарын бышыктаган жок.

Мындан бир жумадай мурун The Wall Street Journal гезити Си Цзинпин Орусия менен экономикалык алакаларды өөрчүтүү тапшырмасын бергенин жазган.

21-декабрда Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Бээжинге барганда кытай жетекчиси менен жолуккан. Көп узабай Медведевдин Аскердик-өнөр жай комиссиясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду. Мурда андай кызмат жок болчу.

Си Цзинпин октябрда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчылыгына үчүнчү ирет шайланган. Буга чейинки эки мөөнөт деген чектөө Си Цзинпиндин демилгеси менен 2018-жылы жоюлган.

Дагы караңыз

Олимпиада: Орусия жана Беларуска салынган санкциялар алынбайтRSF: 20 жылда дүйнөдө 1700 журналист кесибине байланыштуу каза болдуМайлуу-Суу: балатыны өрттөгөн аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүИран: акцияда каза тапкандардын кыркы митингдер менен коштолду Баткен мамлекеттик университетиндеги өрт өчүрүлдү