Майлуу-Суу: балатыны өрттөгөн аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган балаты. 1-январь, 2022-жыл.

30-декабрга караган түнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында балаты өрттөгөн деген шек менен 34 жаштагы аял кармалып, ага түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта шектүү келин "Аяз ата жок, ишенбейм!" деп балатыны өрттөп жибергени тууралуу көрсөтмө бергени айтылат.

Майлуу-Суу шаардык мэриясы билдиргендей, балаты маданият үйүнүн жанына 25-декабрда орнотулган. Бийиктиги 5 метр, туурасы 1,5 метрди түзгөн балатыны кооздоого 90 миң сомдой каражат бөлүнгөн. Учурда келтирилген чыгымды төлөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Буга чейин Кара-Көл шаарында дагы балатыны жергиликтүү төрт жаран өрттөп жиберген. Аларды милиция кармап, чыгымдарын төлөтүп, балаты кайра орнотулган. (ТВ)

Дагы караңыз

Баткен мамлекеттик университетиндеги өрт өчүрүлдүКазакстан согуштан качкан майорду Орусияга өткөрүп бердиӨзбек тышкы иштер министри Владимир Норов кызматтан бошотулдуПрезидент баштаган жетекчилердин кирешеси тууралуу маалымат жарыяланды