Кытайда коронавируска кабылгандар көбөйүп жатканына байланыштуу бир катар өлкөлөрдө ал жактан келгендерди текшерүү күчөтүлдү.
Биринчилерден болуп Кытайдан каттагандарга чектөөнү Жапония киргизди. 30-декабрдан тарта жүргүнчүлөр анализ тапшырып, оору табылса, жети күндүк карантинге алынмакчы. Андан тышкары Кытай же Чыгыш майрамынын алдында санитардык чараларды күчөтүү каралууда.
Тест тапшырууга Индия, Тайвань, АКШ, Италия, Испанияга келгендер да милдеттендирилет.
Италия бийлигинин маалыматына караганда, 28-декабрда Миланга Бээжин жана Шанхайдан келген эки каттамда тең жүргүнчүлөрдүн дээрлик жарымынан вирус аныкталды.
Ошол эле маалда Австралия эч кандай чектөө киргизбесин билдирди.
Ноябрда Кытай COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатынан баш тартканын жарыялаган. Анын артынан вирусту жугузуп алгандар кескин көбөйүп кетти. 25-декабрдан бери бийлик расмий статистиканы ачыкка чыгарууну токтотту. Ал эми бейрасмий маалыматтарда декабрда күнүнө он миллиондогон кишиден вирус табылганы айтылат.
Дагы караңыз
Нарында таза суу, жайыт боюнча долбоор ишке киргизилет2022: Борбор Азиядагы козголгон эл, кооптонгон бийликМаксим Бакиевдин жери боюнча комиссиянын материалдары жок болуп кеткени айтылды“Азаттык": тайманбаган журналист, талбаган эмгек, тоодой тоскоолдукДагы караңыз
Максим Бакиевдин жери боюнча комиссиянын материалдары жок болуп кеткени айтылдыНарында таза суу, жайыт боюнча долбоор ишке киргизилетАмерикалык адис Саакашвили абакта ууландырылган болушу мүмкүндүгүн айттыПрезидент Жапаров АКШнын элчиси Вигерини кабыл алды