Аба ырайы: Кар жаайт

31-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Айрым облустарда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14 градуска жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштөн кийин кар жаашы мүмкүн. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 1…3 градуска чейин жогору болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаров АКШнын элчиси Вигерини кабыл алды Бишкектин милиция башчысы үй-бүлөлүк зомбулук азая баштаганын билдирди Максим Бакиевдин жери боюнча комиссиянын материалдары жок болуп кеткени айтылдыИИМ майрам алдында жол кирени көзөмөлдөй турганын билдирди