Байден Украинага 45 миллиард доллар бөлүүнү караган бюджетке кол койду

АКШ жана Украина президенттери. Вашингтон, 21-декабрь 2022-жыл

АКШнын президенти Жо Байден 2023-жылдын бюджетине кол койду. Бир триллион 700 миллиард доллардын 858 миллиарды Коргоо министрлигин каржылоого жумшалмакчы.

Бул – быйылкы жылга караганда 10% көп. 45 миллиард доллар Украина жана НАТО өлкөлөрүнө жардам иретинде берилмекчи.

Киевге бөлүнгөн жардамдын көлөмү болжол менен быйылкы жылдын деңгээлинде калат. 21-декабрда АКШ Конгрессинде сүйлөгөндө украин президенти Владимир Зеленский кошумча жардам берүүгө чакырган.

Бюджетте ошондой эле медициналык изилдөөлөр, коопсуздук, социалдык максаттарга инвестиция салуу каралган.

Документтин долбоорун буга чейин Конгресстин эки палатасы тең жактырган.

Дагы караңыз

Баткен: Төрт миңдей адам ар кайсы жактарда жашап жататБишкектин милиция башчысы үй-бүлөлүк зомбулук азая баштаганын билдирди Президент Жапаров АКШнын элчиси Вигерини кабыл алды Максим Бакиевдин жери боюнча комиссиянын материалдары жок болуп кеткени айтылды