2023: Кыргызстанды эмне күтөт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2022-жыл дүйнөдө жана Кыргызстанда ар кыл окуяларга бай болду. Жыл башталгандан тарта Кумтөр кенин башкаруунун Кыргызстанга өтүшү, Баткендеги чек ара чатагы, Кемпир-Абад окуясы жана андан кийинки камоолор өлкөнүн саясий күн тартибинин башкы сабына чыкты. Дүйнөдө олку-солку кырдаал түзүлүп, валюта рыногунда өзгөрүүлөр сезилсе, мобилизациядан качкан орусиялыктар Кыргызстанга да агылды. Узап бараткан жыл эмнеси менен эсте калды? 2023-жылы Кыргызстанды эмне күтөт?