Кыргызстанда буудай жана унду импорттогондор 2024-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду. Министрлер кабинетинин бул тууралуу токтому 29-декабрда жарыяланды.
Ага ылайык, мындай жеңилдик 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
27-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү экенин билдирген. Ал өлкөдө тамак-аш коопсуздугу маанилүү экенин, азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси караларын айткан.
Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнү аяктап жатканы себеп болгону белгиленген. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.
Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салган. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилген.
Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн экспортуна убактылуу чектөө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.
Быйыл алгачкы сегиз айдын ичинде Кыргызстанда кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.
Дагы караңыз
Косово Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөрүү пунктун кайра ачтыУкраинада Полтаванын мэри жашыруун маалыматты тараткан деп шектелүүдө"Газпром" 2000-жылдан бери негизги рынокторго минималдуу газ жөнөттүБУУ Ооганстандагы айрым программаларын токтотту