Сузакта кармалган милиция кызматкерлери бир айга камакка алынды

Кармалгандардын жакындарынын сот имаратынын сыртындагы акциясы. 28-декабрь, 2022-жыл.

Оор кылмышты жашырууга шек саналып кармалган Сузак райондук милициясынын кызматкерлери бир айга камакка алынды. Чечимди 28-декабрда Жалал-Абад шаардык соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалгандардын жакындары сот отуруму учурунда сыртта аларды үй камагына чыгарууну суранып, адилеттүү чечим талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Сузак райондук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын маалымдаган. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кармалганы айтылган. (TB)

Дагы караңыз

Косово Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөрүү пунктун кайра ачтыУкраинада Полтаванын мэри жашыруун маалыматты тараткан деп шектелүүдөӨзбекстан: 19 баланын өмүрүн алган дары