Түркияга туристтик максатта келип, жашаганга уруксат алууну каалаган орусиялыктардын арыздары 26-декабрдан тарта четке кагыла баштады. Бул тууралуу Vpost басылмасы күбөлөргө таянып билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Түркияга келип, биринчи жолку ижара келишиминин негизинде жашаганга уруксат алууну көздөгөн орусиялыктарга документ берилбейт. Алар 10 күндүн ичинде Түркиядан чыгып кетиши керек.
Мыйзам боюнча орусиялыктар Түркияда 60 күн визасыз жүрө алышат.
Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, Түркияга барган украиналыктарга мекенинде согуш аяктаганга чейин убактылуу жашоого уруксат берүү уланууда.
Дагы караңыз
ӨКМ тик учак жана өрт өчүрүүчү 140 автоунаа алынарын билдирдиОрусияда пенсионер жубайлар аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылдыУкраинада согуш башталгандан бери 18 миңдей карапайым тургун набыт болдуСауд Арабиясында өзбекстандык зыяратчылар кырсыкка кабылдыПрезидент аткаминерлерди ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды